Талапкер болчулардын саны 15ке жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
3-июлда үч адам арыз менен кайрылган. Алар 15-октябрда болчу президенттик шайлоого катышууга ниеттенишүүдө.
Арыз жазгандардын бири 62 жаштагы пенсионер Замира Муратбекова, экинчиси 42 жаштагы, убактылуу жумушсуз Санжар Энназаров жана үчүнчүсү Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун 56 жаштагы төрагасы Сагынбек Абдрахманов.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ