Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде сыртында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин сүрөтү тартылган даарат кагазы сатылууда. Мындай нааразычылыкты facebook колдонуучусу Адиля билдирген.
АКИ пресстин “Репортер” долбооруна анын кабарлашына караганда, даарат кагазы кичинекей павильондон сатылып алынган.
Дүкөндүн сатуучулары кагаз 10 сомдон сатылаарын айтышкан. “Кагазды бизге ар кандай фирмалар алып келишет. Азыр ким алып келгени деле эсимде жок. Эки ай мурун бир нече каптама сатып алганбыз. Биз сыртында кимдер чагылдырылганына деле көңүл бурбаптырбыз. Каптаманын ордуна алар газетаны колдонушат”, – деп айтышкан дүкөнчүлөр.
Дүкөндө сыртынын ордуна газета колдонулган бир нече даарат кагазы болгон. Алардын кээ бирлеринде Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековдун, АКШнын экс-президенти Барак Обаманын, саясатчы Азимбек Бекназаровдун, спортсмен Азат Усеналиевдин сүрөттөрү болгон.
akipress.org сайтынан кыргызчаланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ