Menu

Бүгүн «Бата менен эл көгөрөт» аттуу иш-чара жети облуста өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-ноябрда, саат  12:00до «Бата менен эл көгөрөт» аттуу иш-чара башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнұн алкагында жети облуста жана Бишкек  шаарында бир мезгилде «Бата менен эл көгөрөт» аттуу  жалпы элдик руханий иш-чара уюштурулат. Мындай иш-чара  “Чеч төбө элдик кеңеши” жана “Кыргыз ак бата ынтымак” ордосунун демилгеси менен өткөнү турат. Алардын максаты – элибиздин ынтымак, биримдигин, мамлекетибиздин өркүндөп-өсүшүн, тынчтык, бакубатчылыгын жараткандан тилөө жана мекендигин бүтүндүгүн адилет орнотуу.

Эске сала кетсек, «7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» деген чечим эки жыл мурда чыккан. Мындай чечим андагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган. Тагырагы, Октябрь революция күнүнүн ордуна жаңы майрам катары 7-ноябрь – Тарых, 8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: