Menu

Топчубек Тургуналиев, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти, коомдук жана саясый ишмер: “Люстрациясыз мамлекет оң жолдо өнүгүүгө түшпөйт!”

Бөлүшүү:

– Азыркы кырдаалга жараша сиз элге эмне сунуштайсыз?

– Өлкөбүздүн алдында өзгөчө тарыхый милдеттер бар экендиги дагы бир жолу аныкталды. Тилекке каршы, азыркы бийлик да өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери нечен ирет кайталанган, Кыргызстанды сызга отургузуп, элдин нааразылыгын жараткан кылмыштардан сабак албаганы ачыкка чыкты. Ошондуктан мен мамлекетти башкарууну, казынаны тоноп, кан таламайларга айландырган өзгөчө коркунучтуу көрүнүштөрдү жок кылуу үчүн бийликке, коомчулукка 2 долбоорду сунуштайм:

Биринчиси. “Мамлекеттик бийликти тазалоо (Люстрация) жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу – тарыхый зарылчылык. Кыргызстан катарсис (очищение, тазалануу) мезгилинен ийгиликтүү өтүү керек.

Экинчи. Административдик аймактык терең реформаны ишке ашыруу.

– Топчубек Тургуналиевич, октябрдын башталышындагы башаламандыктар менен коштолгон саясый толкундоолор сиз үчүн күтүлбөгөн нерселерден болдубу же коомдогу абал социалдык жарылууга жакындап калганын жүрөгүңүз сезчү беле?

– Мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алып, жекече жана топтук кызыкчылыктарга пайдаланууну эңсеген күчтөрдүн бардыгын отуз жылдан бери көрүп жүрөм. 5-9-октябрдагы толкундоолор кокустук эмес, эртели кеч сөзсүз боло турган нерсе эле. Кыргызстанда эмне көп, саясый партиялар, коомдук уюмдар көп. Саясый партиялардын Адилет министрлигине катталганы 260тан ашса, тирүүлөрү 20 чакты. Алардын бирин да чыныгы саясый партия деп айтууга оозум барбайт. Алар Кыргызстандын Баш мыйзамын, мыйзамдарын гана эмес, өздөрүнүн Устав, программаларын да одоно бузуп келатышат. Мен 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партияларды негизинен эки топко бөлөм.

1-топтогулар. Жогорку бийлик тарабынан саясый буйрутмаларды аткаруу үчүн түзүлгөн үч партия. Алар – “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”. Бул партиялар эл-журтубуздун алдында кечирилгис кылмыштарды жасашты. Ошондуктан Баш прокуратура, Адилет министрлиги, сот органдары буларды юридикалык тарап макамынан ажыратып, жоюп, саясый аренадан аттарын өчүрүү керек. “Биримдиктин” жетекчиси Марат Аманкулов өзгөчө чоң кылмыш жасады. Депутаттар да президент, өкмөт башчысындай эле ыйгарым, милдеттерин аткарууга киришип жатканда өз милдетимди ак, таза аткарам, элдин эркиндигин, көз карандысыздыгын коргойм деп ант беришет. М.Аманкулов Конституциялык антын бузду. “Евразиялык биримдикке кирүү аркылуу гана эркиндигибизди сактайбыз, биз артка кайтышыбыз керек” дегендей ойду айтты же Россияга кошулалы деген мааниде чакырык жасады. Анын ою боюнча, азыр биз көз каранды эмес экенбиз. Ал өзүнүн антын бузган саясый экстремисттик сөзү үчүн жооп бериши керек. Эгемендүүлүгүбүзгө шек келтирген башка саясатчы сөрөйлөр да бар.

2-топтогуларга шайлоого катышкан 16 партиянын ІЗү кирет. Булардын көбү принциби жок же саясый тайкы партиялар. Алар жогорудагы 3 партиянын шайлоо алдындагы жана 4-октябрдагы мыйзамсыз иштерин көрүп, билип турушканы менен ачык айта алышпады. Билип туруп, билмексен болуп келишти. Алар 4-октябрга чейин эле жогорудагы 3 партияны сотко берүүлөрү керек эле. Анткенге бири да даабады.

– Сиз 2010-жылдан бери “Мамлекеттик бийликти тазалоо (Люстрация) жөнүндө атайын мыйзам кабыл алуунун зарылдыгын айтып келатасыз. Ал убагында убактылуу өкмөт, мурдагы депутаттар тарабынан да колдоо таппаптыр. Сөзүңүздүн башында анын долбоору даяр экендигин айттыңыз. Эмне үчүн ал кабыл алынбай, ишке ашпай жатат?

– 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция – үй-бүлөлүк, кландык, трайбалисттик башкарууну кулатуу үчүн ишке ашырылган, ошон үчүн эл колдогон. Бирок, анын идеалдары ошонун эртеси күнү эле бузулуп, тебелене баштаган. Бир мисал. Убактылуу өкмөткө удаа ага 22 бөлүм түзүлсө, бизге билгизбей анын 13нө башчылыкка Эмилбек Каптагаев Ысык-Көлдүк, Роза Отунбаева 8не Таластык туугандарын коюп алышыптыр. Мен адегенде эле бизге анча бөлүмдүн кереги жок деп каршы чыккам. А.Бекназаров да тигилер менен аябай жаңжалдашты. Көрсө алар кыргызстандыктар дегенди “өзүбүздүн жердештерибиз”- деп гана түшүнүшөт экен. Р.Отунбаеваны 2016-жылы 31-августта Алмаз Атамбаев: “Сен шайланган президент болбогонсуң” деп сындаганда, ал Атамбаевдин үйүнө конокко келгенсип, эгемендүүлүккө арналган салтанатты таштап чыгып кетпедиби. Анын шайланбай президент болгону чындык, ал УӨнүн, баш мыйзамдын долбоорун даярдагандардын күнөөсү. Анын эмнесине чычалайт? Атамбаев эмнелерди айтса да аягына чейин чыдап угушу керек болчу. Мына анын саясый, инсандык деңгээли!

Менин мамлекетгик бийликти тазалоо жөнүндө мыйзам долбоорума мына ошолор, алардын айланасындагылар каршы чыгышкан. Кийин депутаттар карашат дешти эле, Равшан Жээнбековго берсем, ошондон ары аты чыкпай жок болду. Бирок, бизге мамлекеттик бийликти тазалоо жөнүндө мыйзам сөзсүз керек. Антпесе, бийликке кайрадан эле жыдыгандар толуп алышып, ар 5-10 жылда тополоңдор кайталана берет. Чехословакия, Венгрия, Польша, Прибалтика республикалары сыяктуу өлкөлөрдө люстрация жөнүндө мыйзамдар кабыл алынгандан кийин элге-журтка чыккынчылык кылгандар, ичкич-жегичтер, коррупционерлер ж.б. мамлекетти башкаруу иштеринен биротоло сүрүлүп, оң жолго түшүп, тез эле өнүгүп кетишти.

Бийликти тазалоо өтө татаал, бирок Кыргызстан үчүн тарыхый зарылчылык. Бийликти тазалоодон башка бизде жол жок. 1990-жылдардын башталышында “приватизация”деген кампания башталып, ал “прихватизацияга” айланып, ата-бабаларыздын ондогон жылдар бою жыйнаган триллион долларга тете байлыктары, мүлктөрү бийликтеги партократтар тарабынан кан таламайга айланган. Алардын мыйзамсыз талап-тоногондорун элге кайруу аракети болбоду. Сооронбай Жээнбеков мамлекет башына келгенден кийин “коррупцияга каршы чоң-казат” башталып, бир топтору камалды, камалууда. Бирок, кылмыштары эскирди деген шылтоо менен алардын көбү дагы деле ошондо жыйнаган оокаттарына чардап жүрүшөт. Ал эми Люстрацияда “мөөнөтү өтүп кетти, эскирди” деген түшүнүк жок. Алар мыйзам алдында сот жоопкерчилигине тартылбаган менен коом алдында бирден аттары аталып, жексурлар катары тийиштүү реестрлерге киргизилип, шайлануу, дайындалуу укуктарынан биротоло ажыратылуусу зарыл. Аны сөзсүз эл колдойт. Люстрация ошон үчүн, кийинкилер үчүн да сабак болушу үчүн керек.

– 5-9-октябрдагы окуялар үчүн президентти айыптап жаткандар да бар эмеспи. Сиз аларга кандай карайсыз?

– Бул окуяларга жалгыз президент күнөөлүү деген туура эмес. Акаев менен Бакиевдики оркоюп эле алыстан көрүнүп, аттары аталып турчу эмес беле. БШК, Баш прокуратура, УКМК, сот органдары, жергиликтүү бийликтегилердин күнөөлөрүн деле мамлекет башчысына төңкөй берген болбойт. Мен андай пикирлерге кошулбаймын.

– Люстрация мыйзам долбоорун ишке ашыруу механизмдери кандай?

– Ал мыйзамда так жазылган. Президенттин жарлыгы менен эл арасындагы эң абройлуу, калыс, чынчыл, таза адамдардан көз карандысыз атайын комиссия түзүлөт. Жарандар, юридикалык жактар ага мамлекеттик байлыктарды уурдап, тоноого катышкандардын, чыккынчылардын тизмелерин, өздөрү жыйнаган документтерди беришет. Анан комиссия атайын адистердин катышуусунда ал документтерди карап, чечим кабыл алып, тийиштүү органдарга жөнөтөт. Реестрге киргизилгенден кийин алар күнөөлөрүнө жараша түбөлүккө же белгилүү бир убакытка мамлекеттик чоң кызматтарга шайлануу, дайындалуу укуктарынан ажыратылышат. Комиссияга жалган же бурмаланган маалыматтарды бергендерди да жазалар күтөт.

Акаев менен Бакиев элди, мамлекетти балдары менен кошо тоноп, анан шерменделери чыгып жооп берерге келгенде качып кетишти. Атамбаев деген шерменде камалды эле тополоңдо качып чыгып, кайра ордуна отургузулду. Ал мыйзамдуулукту урматтаса, мени актагандыгы жөнүндө соттун чечими чыкмайынча түрмөнүн эшигинен чыкканга укугум жок деп айтпайт беле. Жок, Ала-Тоо аянтына келип, өз табакташына машинесинин бамперин аттырып, чыр чыгаргандан кийин кармап кетишти. Бирок, Акаев, Бакиев, Атамбаев менен бирге элдин байлык-мүлктөрүн талагандардын көпчүлүгү баштарынан бир тал чачтары түшпөй жүрүшөт. Айрымдары тополоңдорго да катышууда. Элибизде “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деп айтылат эмеспи. Анын сыңарындай, катаал чаралар көрүлмөйүнчө чыккынчылар, ичип-жегичтер, башка социалдык бузук элементтер эстерине келишпейт.

– Административдик-аймактык реформанын тагдыры да Люстрациянын тагдырына окшош бойдон келатат. Акаевдин убагынан бери айтылганы менен жылыш жок. Ал да Люстрациядай болуп калбас бекен?

– Мен бул маселени 1991-жылы көтөрүп чыгып, долбоорумду “Кыргыз руху” гезитине жарыялагам. Кыргызстанга шаар-райондук деңгээлдеги 74 аймактык бирдик, 454 айыл өкмөтү өтө эле көптүк кылат. 23-24 райшаар аймактык бирдик болсо жетишет. Айыл аймактарын эч кандай кыйынчылыксыз эле 250-300гө түшүрсө болот. Тактама, аныктама дегендер, а түгүл айлык-пенсиялар деле азыр аралыктан эле бериле баштабадыбы. Кыргызстандагы көпчүлүк айыл өкмөттөрүнүн 3-4нү мурда бир эле айылдык кеңешке караган. Маселен, Аксы районунун аймагындагы Кара-Суу, Кара-Жыгач, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрү бир эле айылдык кеңешке карачу. Штаттарды кыскартуунун, бирдиктерди жоюунун эсебинен аябагандай, мүмкүн аларга жумшалып жаткан азыркы чыгымдардын жармысына барабар каражаттар үнөмдөлүп, экономикалык, социалдык тармактарды өнүктүрүүгө бурулмак. Штаттар канчалык көп болсо, бюрократия ошончолук артат. Ал эми бюрократия коррупциянын уялашы. Президент Жээнбеков парламенттик шайлоодон кийин аны баштоого убада кылган. Ал убадасын экинчи шайлоодон кийин болсо да ишке ашырышы зарыл, аны эл күтүп жатат.

– Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланды. Биз көп алааматтарга, перманенттүү саясый кризиске кептелип, кантип чыгарыбызды билбей калбадыкпы?

– Бизде мыйзамдуу үч бийлик бутагы, алардын иштерин координациялоочу мамлекет башчысы бар. Бийлик бутактарында кризистик көрүнүштөр болууда, ал чындык. Жаңы шайланган парламент жокко чыгарылды, эскиси өз милдетин эптеп аткарып жатат. Өкмөт болсо, улам алмашып турат. Сот бийлиги деле кээде алдастап, шашып каларын көрүп жүрөбүз. Бирок, башка бийлик бутактары кандай абалда калса да мамлекеттин бекемдиги, бүтүндүгү жана эгемендиги, мыйзамдуулук жана коопсуздук үчүн керт башы менен жооп бере турган президенттин бийлиги жогору, ал бекем турушу керек. Ансыз өлкө үчүн реалдуу чоң коркунуч жаралат. Отставкага кетерин же коёрун мамлекет башчысы өлкөдөгү реалдуу жагдайга карап өзү гана чечиши керек. Мен Сооронбай Жээнбековдун азыр эле отставкага кетүүсүн колдобойм. Ал толук легитимдүү. БУУ, Еврошериктештик, башка бир катар өлкөлөр Кыргызстандагы легитимдүү бийлик катары президентти гана тааныды. Аны менен эсептешүү зарыл.

– Тилекке каршы, Кыргызстан инвесторлорду коркутуп, үркүтүп качыруу жагынан дүйнөдө алдыга чыкты. Эң ыйык мамлекеттик жай делген жогорку бийлик үйү ушу менен үчүнчү жолу талкаланды. Дүйнөдө “Тез жардам” машиналары кол тийгис деп эсептелет. Кызыл чырым белгиси бар машинелерди согуштарда да атышпайт, бомбалашпайт. Бизде андай жарадарларга жардам көрсөтүп жүргөн 16 машине өрттөлдү, медиктери сабалды. “Жерүйдүн” камп-сы өрттөлдү, “Бозымчакта”,“Терек-Сайда”басып алуу аракеттери болду. Ар 5-10-жылда эле ушундай тополоңдор чыга берсе, бизге кандай потенциалдуу кеңгирбаш инвестор келет? Ар тополоң болгон сайын экономика 2-3 жылга артка кетүүдө. Бизди ким сыйлайт? Эл катары бар болбой эле биротоло дефолтко тушугуп, андан чыга албай калуу коркунучуна жакындап бараткан жокпузбу?

– 1989-1990-жылдары Прибалтика республикаларынын элдери Союздан эркиндикти талап кылышканда жүздөгөн миңдеген адамдар кол кармашып, көчөгө чыгып, ОМОНчулардын, аскердик техникалардын жолдорун буушкан. Андай адамдар Литвада 1 миллионго жеткен. Бирок, мамлекеттик, элдик мүлктөр талкаланмак түгүл бир гүл да тепселбеген, бир да шак сындырылбаган. 1998-жылы Чехословакияда да жүз миңдеген адамдар катышкан жарандык жалпы каршылык көрсөтүүлөр болгондо бир да терезе талкаланган эмес. Ал адамдардын жалпы маданиятына, ички дүйнөсүнө байланыштуу болот экен да. Биздин да жалпы маданиятыбыз өскөндө андай көрүнүштөр өзүнөн өзү калып калат деп ойлойм.

Мага эмнегедир Өкмөт үйүн, техникаларды, жайларды талкалап, өрттөгөндөр Кыргызстанды дүйнөгө жаман көрсөтүү үчүн эле жасашкандай сыяктанат. Андан башка андай иштердин кимге пайдасы бар? Өкмөттү жаман көрсөң көрө бер, бирок ак мармар таштан салынган жайда, андагы шайман-жабдууларда, же анын эшигиндеги техникаларда эмне күнөө? Алар сага эмне кылды? Бир убакта ал жерлерге балдарың, неберелериң келип иштеши да мүмкүн. Же элге бериле тургандардын эсебинен чечилип, талкалагандардын жоңкондоруна, элге гана күч келет. Мен аны жапайычылык, варварчылык дегенден башкача айта албаймын.

Бирок, чечүүчү учурларда жашта-рыбыздын бир бөлүгү өздөрүнүн жогорку жоопкерчиликтеги аң сезимдерин, мекенчилдигин да көрсөтүштү. Аны да айтуу керек. Алардын Данияр Тербишалиев баштаган бир бөлүгү элдик кошундарды түзүшүп, шаарыбызды тоноолордон, басып алуулардан сактап калышты.”Мегакомду” басып алганы бир топ барган экен, аларды элдик кошундун мүчөлөрү жолго салышыптыр.

Эгерде пандемия убагында медиктерибиз эрдик көрсөтүшсө, кечээги сыноолордо жаштарыбыздын бир бөлүгү эрдикке тетерлик иш жасашты. Жан дүйнөлөрүндө чыныгы баатыр Манас бабабыздын мекенчил руху бар экендигин бүткүл дүйнөгө далилдешти. Бирок, Манас бабабыз мекенчил, баатыр гана эмес, кечиримдүү айкөл да болгон. Атамбаевчылардын түрмөлөрдөн Жээнбековдон өч алуу, колдорунан келсе жер менен жексен кылып, жок кылуу үчүн чыгышкандары даана көрүндү. Бирок, мамлекеттик деңгээлдеги кекчилдик, өчөшүү эч качан жакшылыкка алып барбайт.

Он-он беш жылдын ичинде маселелерди таш бараңдар, өрттөп, талкалолоор менен чечпестен, цивилдүү жол менен чечкенди үйрөнөбүз деп ойлойм. Бул жол бийликти тазалоо, бюрократиянын, коррупциянын тамырын үзүү, административдик-аймактык реформа.

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Булак: “Майдан.кж”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: