Menu

ӨКМ: 5-11-январларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Бөлүшүү:

5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
7-январда жана 8-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-январда күндүз жана 7-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
8-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.
9-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
10-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: