Menu

Ирандагы экинчи таасирдүү адам, генерал Сулейманини эмнеге өлтүрткөнүн себебин Трамп ачык эле айтып чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-январда АКШнын президенти Дональд Трамп генерал Касем Сулейманини эмнеге өлтүрткөнү ачыкталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Алардын маалыматына таянсак, Дональд Трамп 3-январда Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында маалымат жыйын өткөрүп, Касем Сулейманинин өлүмү тууралуу маалымат берген. Анда ал Сулеймани согушту баштоо үчүн эмес, токтотуу үчүн аны өлтүрүлгөнүн, мындан ары террорчу Сулейманинин бийлигине чекит коюлганын баса белгилеген. “АКШнын аскерлери дүйнөдөгү биринчи террорчуну өлтүрүштү. Ал америкалык дипломаттарга, аскер кызматкерлерине коркунучтуу кол салууларды жүргүзүп турган, ошондой адамды жок кылдык“, – деп ачык эле айткан Д. Трамп.

Эске сала кетсек, кечээ, 3-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири, чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани өлтүрүлгөнү кабарланган. Анын өлүмү Американын президенти Дональд Трамптын буйругу менен ишке ашырылганын чет өлкөлүк ММКлар жазып чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: