Menu

Кыргызстан Пакистандын ири мегаполисинде соода, инвестициялык жана туристтик потенциалын көрсөттү

Бөлүшүү:

2-ноябрда Лахор шаарындагы “Avari” мейманканасынын жыйындар залында “Кыргыз-пакистан эки тараптуу мамилелеринин келечеги: соода, инвестиция жана туризм боюнча өнөктөштүк” деген темада бизнес форум жана тегерек столу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараларды Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Лахордогу Тынчтыкты изилдөө борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин антикризистик иш-чараларынын алкагында Ковид-19дун Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген кесепеттерин жоюу максатында уюштурган.

Кыргызстандын Пакистандагы соода, инвестициялык жана туристтик потенциалынын таныштыруу, пикир алмашуу аянтчасын түзүү, эки өлкөнүн экспорттоочуларын стимулдаштыруу чараларын талкуулоо жана мамлекеттик институттардын колдоосун талкуулоо – бизнес форумдун жана тегерек столдун максаты болду.

Бизнес форумдун жүрүшүндө элчи Э.Бейшембиев Кыргызстандын учурдагы саясий кырдаал жана социалдык-экономикалык кырдаалы жөнүндө кеңири доклад жасады, ошондой эле катышуучулардын көңүлүн эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнө ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде айыл чарба, текстиль жана фармацевтикалык тармактарда өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө бурду.

Иш-чараларга 70тен ашуун коноктор – Пакистандын соода, фармацевтикалык, текстилдик жана туристтик компанияларынын, мамлекеттик мекемелеринин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле алдыңкы аналитикалык борборлордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эксперттер катышты.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жыйынтыгында ушул жылдын аягына чейин фармацевтика, текстиль жана туристтик компаниялардын катышуусунда Бишкек шаарында бизнес форум өткөрүү макулдашылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: