ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев өзү жөнүндө жазылып жаткан маалыматтарды ушак деп ойлойт экен, аны ал кийинки жылы боло турган парламенттик шайлоого карата айрым адамдардын жүргүзгөн саясаты деп кабыл алыптыр. Ал “Салык кызматынан өзү негиздеген 33 фирманы жашырып койгон” деген маалымат чындыкка дал келбесин айтып, ал боюнча бүгүн, 21-ноябрда билдирүү таратты.
Анда ал: «Мен бир нече жыл мурда дагы так ушундай маалымат жарыяланганда, авторлорго баарын тизмектеп бергендиктери үчүн ыраазычылык билдиргем. Себеби, ошол маалыматтын арты менен убагында катталып, бирок иштебей токтоп калган компаниялардын бар экенин аныктап, баардыгын жапканбыз, жашырылган эч нерсе жок. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандыгыма байланыштуу калган фирмаларды мыйзамга ылайык башка кишилерге өткөрүп бергем. Ошондуктан учурда бизнес менен алектенбейм. Депутат болуп шайланганы эки жолу гана декларация берген (2015-2016-жылдары), 2017-жылы маалымат берген эмес деп жазылыптыр. Декларация убагында тапшырылбаса, мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганы ар бир мамлекеттик кызматкерге маалым. Ошондуктан бул маалымат чындыкка дал келбейт. Декларация 2017-жылы, 2018-жылы дагы тапшырылгандыгын Салык кызматынан билип алышса болот», — деген билдирүүсүндө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ