Күздө өтчү президенттик шайлоого катышам деп жаткан БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 18-июлда “Марал” радиосуна келип бир топ суроолорго жооп берип, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Ал жакынкы күндөрү БШКга президенттикке ат салышуу тууралуу арыз менен кайрылаарын белгиледи. Сөз арасында дин маселесине токтолуп, жуулбаган ак дамбал кийгендерди сынга алды. Андан тышкары президент болуп калса калыстыкка басым жасаарын, өтө бай адам экендигин, эң башкы байлыгы эл экендигин, азыркы БШК төрайымы начар иштеп жатканын, кээ бир талапкерлер эки жакка чыгып алып мени бул өлкө колдойт, тигил президент колдойт деп айтканына нааразы болуп, эгер кыргыз эли колдосо президент болоорун баланча колдойт деген куру сөздөр курсак тойгузбасын, ошондой эле алдыдагы шайлоодо көп деле каражат сарптабай тургандыгын, калыстык жок үчүн шайлоого баратканын айтып берди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ