Ырас, текшерүү зарыл. Азыр аалам ар кандай курч окуяларга кабылып туру. Бирок, ар нерсенин чеги менен болгону жакшы да. Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, чектен чыга берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар. Дегеним, биздин чек ара кызматкерлерибизге нааразы болгондор арбын. Атап айтсак коңшу казак өлкөсү менен чектешкен Кең-Булуң, Черная-Речка жана Шор-Төбө чек арасынын кызматкерлери ары бери өткөндөрдүн дамбалына чейин текшерип ыңгайсыздык жаратып, элдин нааразычылыгы туулуп жатканын күбөлөр кабарлашты. Ушул кантип болсун эми. Туристтик маалда, ушундай текшерүүнүн канча кажети бар эле?! Албетте, шектүү болсо, ал адам тууралуу маалымат түшсө чечинтип алып текшерсин, ал эми карапайым адамдарды эзүүгө ким уруксат берди аларга, тескеп койчу жан жокпу? Же чек арачылар «чечинтүү» менен биздин өлкөгө аброй апкелебиз дешеби?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ