Menu

Бакыт Төрөбаев: “Россияда 5 адам чыгып алып, парламентти легитимсиз деп жатат. 5 адам элби? Бул жерде 6 миллион деген элибиз бар”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөдү.

“Президенттик же парламенттик башкаруу формасы боюнча ММКнын биринде сурамжылоо жүргүзүлүптүр. Ушул сурамжылоону карасак, эл абдан активдүү катышыптыр. 50-50 болуп калды. Биз башкаруу формасын аныктабай Конституцияга кетип калдык. Бир жолу 30 жылда башкаруу формасын элге коёлу. Эл аныктасын. Азыр Конституция боюнча кеңешме иштеп жатат. Ошол Конституциялык кеңешме эки Баш мыйзамды жазсын. Бири парламенттик башкаруу боюнча, экинчиси президенттик башкаруу.

Ошондой эле, биз иштеп жаткан парламент легитимдүү. Өмүрбек Текебаев жазган Конституцияда так жазылып турат. Жаңы парламент келгенче биздин ыйгарым укуктар күчүндө. Ошондуктан силер моюн бербегиле. Россияда 5 адам чыгып алып, парламентти легитимсиз деп жатат. 5 адам элби? Бул жерде 6 миллион деген элибиз бар. Референдум жөнүндө мыйзамдын авторунун бири менмин”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: