Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге сөгүш жарыяланды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Сөгүш өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин тийиштүү дещгээлде аткарбагандыгы үчүн жарыяланды.
Эске салсак, бүгүн Өкмөт башчы Кыргыз Республикасындагы жарандык авиацияны абалы жана келечекте өнүктүрүү маселеси боюнча кещешме өткөрүп, анда тийиштүү мамлекеттик органдардын анын ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин иши кескин сынга алынды.
Кещешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине 10 күндүк мөөнөттө жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюу жана авиажүргүнчүлөр менен түздөн-түз иштөөдө түзүмдүн ишин жакшыртууга багытталган сунуш берүү тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ