Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Чүй облусунун райондук сотунун кабыл алган чечими боюнча, Бишкек шаарында жайгашкан “Richman” отели банкрот деп табылды.
Экономика минстрлигинин банкрот иштери боюнча департаментинин 2018-жылдын 19-декабрындагы буйругуна ылайык, ОсОО “Richman” отелинин атайын администратору болуп Майлыбаев Бакыт дайындалган.
Ошондой эле, ОсОО “Richman” отелинин кредиторлорунун биринчи чогулушу 2019-жылдын 9-январында өтөт.
КРдин Юстиция министрлигинин берген маалыматына ылайык, отелдин учурдагы ээси Дыйканбаев Тынчтыкбек экендиги белгилүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ