Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкекке жаңы бак-дарактар керек

Бөлүшүү:

«Шаардын борборундагы көптөгөн эски бак-дарактарды кыюуга убакыт келгендигин, жакында түшкөн калың кар дагы бир ирээт эскертти. Кардын калыңдыгына туруштук бере албаган бак-дарактар кулап, шаардыктарга бир топ көйгөй жаратты. 1960-70-жылдары отургузулган бак-дарактарды эч ким сугарбайт, азыктандырып, дарылабайт. Ар бир кыйылган бак-дарактын ордуна жаңысы отургузулушу керек», – деп белгилейт “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Рысбай Аматов.

Талапкердин айтуусунда, шаардын алигиче жөнгө салынбаган ирригациялык системасы жаңы отургузулган көчөттөрдүн өсүшүнө шарт түзбөйт. Жаңы отургузулган көчөттөрдүн суу жетпей куурап калган учурлары толтура. 

«Мындай маселенин чечүүчү жолу катары жаш көчөттөрдү эмес, көп жылдык бактарды отургузууну сунуштайм.  АКШ, Европа, Россияда көп жылдык бак-дарактарды бир жерден бир жерге көчүрүп тигүү үчүн атайын техникалар иш алып барат. Алар жаш көчөттөргө караганда жаңы шартка жеңилирээк ыңгайлашат жана куурап калуу коркунучу аз», – дейт Рысбай Аматов.

Талапкердин айтуусунда,  2014-жылы аталган  идеяны ошол учурдагы мэр менен талкуулап, сунуш жактырылып, ал кездеги шаар башчысы тиешелүү техниканы алдырган.  Бирок  жыйынтыгында идея жарым-жартылай гана ишке ашкан. «Мындай иш-аракеттер үчүн көлөмдүү КамАЗдар керек, ал болсо анча чоң эмес трактор сатып алган.  Мындай техника менен чоң дарактарды алыс аралыктан ташып келүүгө мүмкүн эмес. Мен Чүй өрөөнүнөн бак-дарактарды сатып келип, Бишкекке жеткирүүнү пландагам, ушундай жол менен шаардын парк, сквер, аллеяларын жаңылап, жаңы жашыл аймактарды түзүүгө болот эле», – дейт Рысбай Аматов.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү БШКнин курамында аталган идеяны аягына чыгаруу жана арзан, зыянсыз шартта борборду жашылдандырууну ишке ашырууну көздөйт. 

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: