Инстаграммда “бийчи миллионер” деген ат менен таанымал болгон италиялык Джанлукка Ваккинин мүлкүн жергиликтүү сот камакка алды. Бул туурасында Corriere della Sera газетасы билдирет.
Ал банктардын биринен 10,5 миллион евро өлчөмүндөгү насыя алып, аны төлөгөн эмес.
Сот камакка анын кымбат виллалары, яхталары жана ар кайсы компаниялардагы акциялары алынды.
Социалдык тармактагы көптөгөн күйөрмандар аны колдоп, жакшы сөздөрүн арнашууда. Бирок бул маселеге сүйүнгөндөр дагы көп болууда. Кээ бирлери карыздан кутулуп алсын дешип, акчасы аз жумуштарды дагы сунуш кылышууда.
Булак: Life
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ