Menu

Фарид Ниязов адатынча жанын жеп актанууда, күтө туралы, эмнени тактайт экен?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө башталбай атып эле айрым талапкерлер өздөрүнүн мактоо-жактоо кампаниясын баштап жиберишүүдө. Мындай жорук өткөн аптада бийликтан талапкери С.Жээнбековдун пайдасына Кочкор районунда болуп, соцтармактарда бир топ ызы-чууну жаратты. Бирок КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов «бийлик Нарындын Кочкор районунда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерин баштап жатканы» тууралуу маалыматты чагым деп атады. 5-августта интернетке чыккан сурөттөрдө ак халат кийген бир топ дарыгерлер «Сооронбай Жээнбеков» деген жазуунун алдында жыйын куруп жатканы чагылдырылган. Сүрөттөр 2-августта тартылганы, райондук оорукана башчысы Калиев менен акимдин орун басары Садыкова “дарыгелерге үгүт жүргүзүп жатышканы” айтылган. Интернет колдонуучулар муну административдик ресурс катары баалап, талкууга түшкөн. Фарид Ниязов сүрөт автобекетте, баланы эмчек сүтү менен багууга арналган жумалыктын алкагындагы жыйында тартылганын айтып актанды: “Жыйынды эмне үчүн ошол жерде өткөрүшкөнүн тактап жатабыз. Аким муну тактап жатат. Сүрөттөгү фонду – «Сооронбай Жээнбеков» деген жазууну атайын ошол ракурстан тартышкан”,-деп адатынча жанын жеди. Эми күтө туралычы, эмнени тактайт экен.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: