Menu

Ливиялык аскер башчы Москвада Лавров жана Шойгу менен жолукту

Бөлүшүү:

Ливиялык таасирлүү аскер командири Халиф Хафтар Москвада Орусиянын тышкы иштер министри менен жолугушту.

Орусия ТИМи билдиргендей, 14-августтагы жолугушуу маалында тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Хафтардын жана БУУ тарабынан таанылган Ливия өкмөтүнүн премьер-министри Файез аль-Саррадждын кырдаалды тынч жол менен жайгаруу аракеттерин колдой турганын айтты.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу ушул эле күнү Халиф Хафтар менен жолугушуп, Ливиядагы абалга басым жасоо менен Түндүк Африкадагы кыраалга өзгөчө көңүл бурду.

Өткөн айда Хафтар менен Саррадж жаңы тынчтык демилгелери боюнча он пункттан турган биргелешкен декларация кабыл алышкан. Хафтар өзүн Ливиянын улуттук армиясы деп жарыялап алган топтун кол башчысы болуп эсептелет, былтыр ал Москвага эки жолу келип кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: