Парламенттин жайкы эс алуусу учурунан пайдаланып биздин депутат байкелер ажыга аттанабыз деп тууган урукка чай берип, тымызын коштошуп жатышкан кези. Аман-эсен барып келгиле,
ал жагы жакшы. Аллага мунажат кылганды ким жаман көрсүн. Бирок саясый чөйрөдө дароо сатылып, кубулуп кетчү адатыңардан ыйык жерге барып арылып келгилечи. Баса, өз каражатыңар менен кетип жатасыңарбы же мамлекеттин эсеби менен барып атасыңарбы? Мамлекет го сурабайт, Кудайдын сурагы бар унутпагыла. Ажы болуп келгенден кийин өзгөрүп калсаңар кана.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ