Бүгүн, 21-августта Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуусуна байланыштуу Алмаз Атамбаевге отставкага кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралу ал өзү бүгүн КР БШКнын жыйынында президенттикке талапкер катары расмий катталып, күбөлүк алгандан кийин журналисттерге билдирди.
Анын айтымында Атамбаев арызды кабыл алды жана бүгүн, 21-августта түштөн кийин өз чечимин жарыялашы мүмкүн.
“Менин тарапкерлерим мени шайлоого катышуу үчүн премьер-министрликтен отставкага кетпөөгө көндүрүүгө аракет кылышты. Алар мыйзам боюнча мен премьер-министрлик кызматымды убактылуу гана, шайлоо өткүчө токтотуп, эмгек эргүүсүнө чыга турууга үндөштү. Бирок мен шайлоого бардык талапкерлер бирдей шартта катышуусуна шарт түзүү, шайлоо таза өтүүсү үчүн отставкага кетүүнү чечтим. Менин бул чечимимди Алмаз Атамбаев да колдоду”, – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ