Бүгүн, 18-октябрда саат 16:00дөн тарта Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат үчүн, Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарыда кар борошонун кесепетинен унаалардын каттамына оорчулук жаратты.
Кошумча айта кетсек, 2016-жылдын 17-октябрдан 19-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт деп шашылыш билдирүү берилген.
18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Мындан улам алыскы жолго аттанган айдоочулар, жолго керектүү шаймандарды ала жүрүү менен унаалардын жайкы дөңгөлөгүн кышкысына алмаштыруу керек экенин эскертет!
Кошумча маалымат берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ