4-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу Миссиясынын Башчысы жана Элчи Александр Кельчевски менен жолугушту. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.
Тараптар 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу Миссиясынын Штабынын ишмердиги тууралуу маселени талкуулашты.
Александр Кельчевски алдыдагы мамлекет башчысын шайлоодо эл аралык байкоочу катары чакыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыразычылык билдирди жана Миссиянын башкы милдети эл аралык талапка жооп берген, ЕККУнун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүү болуп саналат деди.
ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросунун директору Ингибьёрг Сольрун Гисладоттирдун келиши күтүлүүдө деди элчи. Жалпысынан Миссиядан 400дөй эл аралык байкоочулардын келиши күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ