Menu

Назарбаевге «Өзөктүк сыноолорсуз дүйнө үчүн чемпион» макамы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев «Өзөктүк сыноолорсуз дүйнө үчүн чемпион» макамына ээ болду. Бул тууралуу казак Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Нурсултан Назарбаев 1991-жылы августта дүйнөдөгү эң ири деп эсептелген Семипалатинск өзөктүк полигонун жабуу чечимин кабыл алган. Бул адамзат тарыхында өзөктүк сыноолорду жүргүзүүгө юридикалык жактан тыюу салган алгачкы чечим гана болбостон, Өзөктүк сыноолорго каршы аракеттердин эл аралык күнүн негиздөөгө түрткү болгон», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Назарбаевге жаңы макам ыйгарылгандыгы тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын Өзөктүк сыноолорго каршы аракеттердин эл аралык күнүнө арналган 26-августтагы атайын сессиясында жарыяланган.

Макам ыйгарууну «Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишим» уюмунун баш катчысы Лассина Зербо демилгелеген. Анын айтымында, Назарбаевдин башкаруусунда Казакстан «өзөктүк сыноолорсуз дүйнөнү түзүү боюнча глобалдык аракеттерге өзгөчө тарыхый салым кошкон».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: