АКШ Донбасста тынчтык орнотуучуларды жайгаштыруу маселесинде Украинанын позициясын колдоду. БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү жикчилдер көзөмөлгө алган аймактардан тарта украин-орус чек арасына чейин жайгашуусу керек. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт билдирди.
Нойерттин пикиринде, БУУнун тынчтык орнотуучулары Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитеттүүлүгүн калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш. Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо үчүн мындай күчтөр кеңири мандатка ээ болушу зарыл деди Нойерт.
Ал АКШ Минск келишиминин аткарылышын толугу менен жактай турганын баса белгиледи. Нойерт Орусияны “ок атышууну токтотуу боюнча реалдуу жана туруктуу режимди” киргизүүгө чакырды.
Орусия буга чейин Украинанын чыгышындагы тараптар жаңжалдашкан жерден аскерлерди жана техникаларды алып чыгып кеткен соң, куралдуу тынчтык орнотуучу күчтөрдү жарым жылга киргизүүнү жана ЕККУнун байкоочуларынын гана коопсуздугун камсыздоону сунуштаган.
Украина тынчтык орнотуучуларды Донецк жана Лугансктын бардык аймактарында, орус-украин чек арасында жайгаштырууну талап кылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ