Menu

БУУ Орусияны расизмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды

Бөлүшүү:

БУУнун өкүлдөрү Орусия бийлигин расизм жана ксенофобия көрүнүштөрүнө каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышты. Сунушталган чаралардын ичинде — саясатчылардын ксенофобиялык билдирүүлөрү үчүн айыппул төлөтүү жазасын көбүрөөк колдонуу бар.

Дүйшөмбүдө БУУнун көз карандысыз эксперттер тобу уюмдун Расалык басмырлоо көрүнүштөрүн жоюу комитетинде атайын баяндама жасашты. Анда документтин авторлору Орусияда 2018-жылы жайында өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин алдындагы фанаттардын жүрүш-турушуна өзгөчө көңүл бурушкан.

Баяндамада Түндүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган адамдар неонацисттер менен «казактар» деп аталган топтордун кол салууларына дуушар боло тургандыгы белгиленген. Уюмдун эксперттери Орусия полициясы көбүнчө расалык белгилер боюнча кармоолорду жасайт деп эсептешет.

Москва укук коргоочулардын бул баяндамасы кылдаттык менен текшерилерин убадалашты. “Интерфакс” агенттигинин Женевадагы булагы БУУнун тыянагы Орусияга саясий милдеттенмелерди жүктөбөй турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: