Menu

Тажикстанда доллардын курсу жогорулап жатат

Бөлүшүү:

Тажикстанда АКШ долларынын курсу сомониге карата 10% ашык жогорулады.

Өлкөнүн Улуттук банкы жарыялаган расмий курска ылайык, 1 доллар 10,3 сомониден 11,3 сомониге кымбаттады. Каржы көзөмөл мекемеси мындай чечимин валюталык тобокелдиктердин таасири, ошондой эле расмий жана бейрасмий курстун ортосундагы айырмачылыкты 2% деңеээлде камсыздоо аракети менен түшүндүрүүдө. Акыркы күндөрү расмий жана бейрасмий курстун айырмачылы 9,3% болуп кеткен.

Мекеменин маалыматына караганда, доллар курсунун сомониге карата жогорулашына ага суроо-талаптын күчөгөнү, тышкы сооданын терс балансы, чет өлкөлөрдөн акча которуулардын жана чет өлкөлүк инвестициянын азайышы себеп болууда.

Быйыл январдан октябрга чейин улуттук валютанын долларга карата курсу 6,7% төмөндөгөн. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9 пунктка көп.

Тажикстанда 2016-жылдан бери банктарда гана акча алмаштырууга мүмкүн. Банктан тышкары операцияларды аткаруу үчүн мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: