Канында тыюу салынган мельдоний табылган орусиялык кёрлингчи Александр Крушельницкий Пхёнчхан Олимпиадасында алган коло медалын кайтарып берет. Бул тууралуу 22-февралда Орусиянын Кёрлинг федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Крушельницкий менен жубайы Анастасия Брызгалова13-февралда Пхёнчхаң оюндарында керлингден коло медалга ээ болушкан.
«Биз анын канында чынында эле мельдоний заты болгону тууралуу кагазга кол койдук жана албетте медалды кайтарып беребиз», — деди Кёрлинг федерациясынын басма сөз катчысы Валентина Паринова.
Бүгүн бул иш боюнча Спорттук арбитраждык соттун угуусу болот. Крушельницкий орус маалымат каражаттарына угууларга баруудан баш тарта турганын билдирген.
«Сот баары бир бизди медалдан ажыратуу чечимин кабыл алмак», — деп кошумчалады басма сөз катчы.
Антидопинг эрежелерин бузган деп айыпталган Орусиянын спортчулары Пхёнчхандагы оюндарга бейтарап желек менен катышууда. Атайын түзүлгөн комиссия орус спортчуларынын оюндарда эрежелерди сактап-сактабаганына байкоо салууда. 24-февралда Эл аралык олимпиада комитети комиссиянын пикирин эске алуу менен Орусиялык спортчулардын Олимпиданын жабылуу аземинде өз өлкөсүнүн желеги менен чыгуусуна урусат берүү маселесин карайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ