Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-ноябрда, кызматтык милдеттерин ак ниет жана үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон салымы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана президенттик энчилүү сааттарды тапшырды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Өз сөзүндө Мамлекет башчысы УКМК кызматкерлерин сыйлыктары менен куттуктап, кынтыксыз кызматы жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
“Сиздер өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга зор салым коштуңуздар. УКМКнын ыкчам, кадрдык жана аналитикалык мүмкүнчүлүгүнүн аркасында өлкөдө туруктуулукту сактап калууга, Кыргызстанды тышкы жана ички коркунучтардан коргоо ишинде жогорку көрсөткүчтөрдү жаратууга мүмкүн болду”,- деди Президент Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы УКМКнын кызматкерлерине бакубатчылык, бакыт-таалай каалап, ар дайым элдин кызыкчылыктарын коргоого, өз милдеттерин ак ниет аткарууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ