Menu

Бишкекте аялдан 100 миң 150 доллар акчасын алып, жашырынып, качып кеткен шектүү кармалды 

Бөлүшүү:

Бишкекте алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын март айында жигит Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирин 100 миң 150 долларга сатууга убада берген. Бирок, акча алып, ал жашаган жерин саткан жок жана сатып алуучулардан жашырына баштаган.

Алданган аял милицияга кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-берене (“Алдамчылык”) боюнча катталган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү Жукеев-Пудовкин көчөсүндө ижарага алынган батирде жашырынып жүргөндүгүн аныкташты.

Кылмышка шектүү кармалды, ал 1987-жылы туулган О.Т. аттуу жаран. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин милиция аныктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: