Бизнес тармагында болуп көрбөгөндөй ийгилик жарата билген айтылуу ишкер, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тулеев Германияга барып ден соолугун чыңап келди. Азырынча саясаттан алыс, жеке иштери менен алектенип жүрөт. «Алма» деген аталыштагы ири соода түйүнүн түптөдү. Өзүнүн басып өткөн жолу, алдыга койгон максаты бийик Нариман мырза бүгүн саясаттан алыс, Айрым кошоматчы саясатчылардай болуп, президенттик шайлоодо бирөөнү коштой чаап үгүт жүргүзгөн жок, тымызын колдоп интрига кылган жок. Бул жагынан алып караганда Түлеевде накта жигиттик сапаттар бар экен деп калдык.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ