Menu

Турдакун Усубалиевдин уулу каза болду

Бөлүшүү:

Кыргызстанды 25 жылга жакын башкарган Турдакун Усубалиевдин уулу Эсенгул Усубалиев 71 жашында оорудан улам каза тапты. Анын сөөгү Кочкордун Теңдик айылына 10-сентябрь күнү коюлду. Туугандары анын сөөгүн Бишкекке коюуну көздөгөнү менен, шартка жараша айылга коюлуп калганы айтылууда.

Маркум Эсенгул Усубалиев улуттук университеттин тарых факультетин аяктап, өзү окуган окуу жайда бир топ жыл иштеп, проректорлук кызматка чейин жеткен. Уулу Эсенбек дин таануучу, кызы болсо эл аралык уюмдарда иштейт. Ал эми жубайы учурунда чет мамлекеттерде элчиликтерде жооптуу кызматтарды аркалаган. Эске сала кетсек, Усубалиевдин балдарынын аты Сыргак, Эсенгул жана кызы Бермет. Учурда Эрмек Сыргакович Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясынан депутат. Биз маркумдун жакындарына көңүл айтабыз!

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: