23- сентябрда “Кыргыз Респуликасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгына 28 жыл толору маалым. Учурда Мамлекеттик тил күнүнө карата жер-жерлерде ар кандай иш-чаралар мерчемделип, өткөрүлүп жатат. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен Бишкек шаардык мэриясы борбор калаабыздын көрүнүктүү көчөлөрдөгү такталарга Мамлекеттик тил күнүнүн урматына ураан-чакырыктарды илип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ