Швеция прокурорлору Telia компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири Ларс Ньюбергди Өзбекстандын аймагында 3G түйүнүн иштетүүгө уруксат алуу үчүн пара берген деп айыптады. Өткөн аптада бул швед компаниясы Өзбекстандагы коррупциялык иштери боюнча дооматтарды бир жаңсыл кылуу үчүн АКШ менен Нидерланды өкмөттөрүнө дээрлик 1 миллиаад доллар төлөп берүүгө макул болгон.
Reuters агенттиги швециялык прокурор Гуннар Стетлерге (Gunnar Stetler) шилтеме кылып билдиргендей, 22-сентябрда Швециянын прокуратурасы Ларс Ньюберг менен катар компаниянын дагы эки мурдагы менеджерине карата доо арыз берди.
Өзбекстанда Ucell бернди менен иштеген Telia компаниясы 21-сентябрда Өзбекстандагы коррупциялык иштери боюнча дооматтарды бир жаңсыл кылуу үчүн АКШ менен Нидерланды өкмөттөрүнө 965 миллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө даяр экенин билдирген.
Андан тышкары, Telia жана АКШнын Юстиция министрлигинин ортосунда келишилген макулдашууга ылайык, алдыңкы үч жылда швециялык компания бул иш боюнча тергөө менен кызматташат жана белгилүү бир адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга жардам берет. Анткен менен Ларс Ньюбергдин өзү дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын тең четке кагууда.
«Менимче, бул иш Ньюбергдин акталышы менен аяктайт. Анткени бул айыптоолор эч кандай негиздөөлөргө ээ эмес», – деп билдирди адвокат Стефани Плейела.
2013-жылы Ларс Ньюберг жана Telia компаниясынын төрт топ-менеджери отставкага кеткен. Европадагы тергөө иштеринин жүрүшүндө Ларс Ньюбергдин Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримовага бир канча миллион доллар пара бергендиги белгилүү болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ