Амур газды кайра иштетүүчү заводдо 22-ноябрда жумушчулар тобу жапырт мушташты. Калайманга кыргызстандыктар менен казакстандыктар катышкан. Бул тууралуу AmurNews.ru сайты билдирет.
Алдын ала маалыматтар боюнча жаңжал турмуштук маселелерден улам чыккан. Урушка катышкандардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат. Социалдык түйүндөрдө мушташтын видеосу тарады. Аны Инстаграммга svbnews аттуу колдонуучу жайгаштырган.
Билдирүүдө: «22-ноябрда заводдун четиндеги CPECC жана Yamata компанияларынын имараттары жайгашкан аймакта жаңжал чыккан. Yamata компаниясынын жумушчулары- казакстандык жарандар кыргызстандыктар менен талашып-тартышып кетишкен. Жыйынтыгында кызматкерлердин бири реанимацияга жөнөтүлдү, экинчисинин ээгине таш тийди», – деп айтылат.
Амур облусунун ички иштер башкармалыгы бул маалыматты тастыктады. Полиция жаңжал учурунда 18 жаштагы жигит катуу жаракат алганын кошумчалады. “Адам ден соолугуна атайлап залака келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жумушчу кармалды. Ал тергөө абагына жеткирилди.
Мындан тышкары ишкананын 19 жаштагы жумушчусу да жаракат алган. Бул факт боюнча «Уруп-согуу же башка зомбулук аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда окуянын чоо жайы иликтенүүдө, тергөө уланууда.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ