Бишкекте өрттүн кесепетинен эркек киши каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ Бишкектин Нарский көчөсүндө жайгашкан барак тибиндеги үйдөн өрт чыгып шифер чатыр жана эшик-терезелер күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө барган куткаруучулар үйдөн эркек адамдын жансыз денесин табып, өздүгүн тактоо учурунда ал 46 жаштагы Р.В. болуп чыккан. Учурда өрттүн себептери териштирилүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ