“Мен Назарбаевдин бизге жаш президент шайлансын деген сөзүн колдоймун. Бирок биздин президенттикке талапкерлерибиздин эң улуусу Назарбаевден 20 жашка кичүү. Мен өзүм Назарбаевден 16 жашка кичүүмүн. Кимге жаш президент керек экен? Бизгеби же Казакстангабы? Биз тарыхты билебиз, казактар биздин бир туугандарыбыз. Казактар – бул бизбиз, мындан 500 жыл мурун чынгызхандын тукумунан султан дайындаган, азыр деле казактарды казактар эмес, чынгызхандын тукумдары башкарып келатат”, – деп билдирди бүгүн, 7-октябрда Алмаз Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сөз сүйлөп.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ