Menu

Кашкар Жунушалиев кемеден секире качкан «крысанын» образын далилдеди

Бөлүшүү:

«Азия Ньюс» гезити Кашкар Жунушалиевдин профессионал эмес экенин, милицияга, элге күйбөсүн эчен ирет жазган. Ишиндеги далай каталарын тастыктап келгенбиз. «Крысадай» качабы?» деп да суроо койгонбуз. Жаңылбаптырбыз! Тилекке каршы, ал беттырмарлыгын көрсөтүп, бийлигине таянып, бир жарым жылдай соттоштук. Жогорку соттон аягында 300 миң сомго утулдук. Бул эң адилетсиз, мыйзамсыз чечим болгон! А элдин баары аягында күбө болушту: Кашкар Жунушалиев бир күндүк толкундоодо ИИМди таштап качып кетти. Адамдардын каны төгүлгөнү, өлгөнү, жарадар болгондору чыгууда. Өтө өкүнүчтүү! Коомчулукта зар какшап атышат. «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп», эми кайда безип жүрөт? Издегендер арбыдыбы?.. Баса, кеме чөгө электеги «крысанын» образы бекен? Эл астында олутгуу жоопкерчилиги турса керек, Кудай буюрса, күбө болобуз!

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: