Menu

Камчыке марттык кылды! Бирок, кылдан кыйкым издешүүдө…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев башка көпөстөрдөн деңгээли бийиктигин тастыктап, Ак-Талаа районунун Баетов айыл округунун Кайыңды-Булак айылындагы менчик имаратын жалпы элге мектеп катары пайдаланууга берди. Ачыгын айтыш керек, азыркы ачкөз; алдым-жуттум заманда мындай марттыкты эч ким жасай албайт. Дегенибиз, бул бир алакандай жер эмес, аянты бир гектар, өзү үч кабат, жалпы наркы миллиондогон сомго бааланат. Кейиштүүсү, ушундан дагы саясат жасап, жек көрсөткөнгө аракет көргөндөр чыгууда. Биз ушунчалык жамандыкка чулганып алыппыз, бергенге да ыраазы болбой калдык. Ал жерде эч кимдин аты да, заты да өчпөйт. Муну Ак-Талаанын акими Нурбек Молдокадыров тастыктап: “Ал имарат үч кабаттуу, аянты бир гектар, спорт аянтчаларын куруу мүмкүнчүлүктөрү да бар. Наркы 100 миллион сомго чамалайт. Ушуну бекер берем десе кантип албай коёбуз?! Депутат объектини бизге берип апасынын ысымын ыйгаргыла деди. Буга макул болдук. Ал эми эски мектепте Бакый Мусүралиеванын аты калат, бул өзүнчө мектеп болот. Баетовдогу мектептин курулушу акчанын жоктугунан беш жылдан бери бүтпөй турат. Ага 30 миллион керектелет. Муну 5 миллион сомго оңдоп-түзөй алабыз» деди. Анан мындан эмнегедир кынтык издеп, «бөйрөктөн шыйрак чыгарып» жаткандар да жок эмес. Тескерисинче колдобойлубу? Канткен күндө да Камчыке эч бир көпөс жасай элек саамалыкты баштап, алгылыктуу иш жасады го…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: