Бүгүн, 21-июнда, Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланды. Бул тууралу КСДПнын басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында судья Кубанычбек Касымбеков УКМКнын катын окуп берди, анда камакта отурган соттолуучуларды орун жетишпей жаткандыгына байланыштуу 1-СИЗОго которуу сунушу айтылган.
«Бул камакта отурган адамдарды коркутуу үчүн жасалууда. Ал жакта шарттар башка. Эгерде УКМКнын СИЗОсунда бир камерада ашып кетсе үч киши отурса, 1-СИЗОдо 10-12 адам отурат. Ал жакта криминал отурганын баары жакшы билет», – деп билдирди каршы чыккан адвокат Сергей Слесарёв.
Башка адвокаттар да кесиптешин колдоп чыгышыты жана бул каттын жараксыздыгын, анткени ал мамлекеттик айыптоо тарабынан өтүнүч келтирүү иретинде таризделиши керек экенин билдиришти. Ошондой эле жактоочу тарап, эгерде УКМКнын СИЗОсунда шарттар жок болсо, анда соттолуучуларды үй камагына чыгарууну өтүнүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ