«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкектин көчөлөрүндөгү карды тазалап, туз сээп жатышат. Бул тууралуу муниципалдык ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жолдогу карды тазалоо үчүн кар тазалоочу 4 машина, 120 жүк ташыгыч жана 660 короо тазалагыч иштеп жатат. Кызматкерлер түнкү саат 23:00дон баштап жолдорго туз себишүүдө. Ага жалпысынан 24 тонна техникалык туз корогон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ