Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте тигүү өндүрүшүнүн жумалыгынын алкагында өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги форумда суроолорго жооп берип жатып, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан костюмдарды кие турганын айтты.

Анын айтымында жергиликтүү тигүүчүлөрдүн технологиясы жакшы. Алардын тиккен кийимдери сапаты жагынан жана ыйгайлуулугу менен көптөрдү артка калтырат.

“Мен ата-мекендик тигүүчүлөрдүн тиккен костюмдарын артык көрөм, анткени биздикилерден алсаң – арзан, сапаттуу жана адамга жакшы жарашат. Кечээ күнү мен биздин тигүүчүлөрдөн чапан сатып алып, чоң эне, чоң аталарымды жана өзүмдүн бала чагымды эстедим. Чапандын сапаты абдан жакшы жана өзү ыңгайлуу экен”,- деди Абылгазиев.