Menu

Польшада нааразылыктарга себеп болгон Сейм жыйыны текшерилет

Бөлүшүү:

Польшанын президенти Анджей Дуда оппозиция легитимсиз деп эсептеп жаткан парламенттин өткөн жумадагы жыйынына юридикалык анализ жүргүзүүгө чакырды. Польшалык TVN24 телеканалынын маалыматына караганда, жекшембиде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Дуда оппозиция лидерлери менен жолугат.

Оппозициялык партиялардын тарапташтары үчүнчү күн катары менен парламенттин иштешине мүмкүндүк бербей жатышат. Алар 2017-жылдын бюджети боюнча парламентте жаңы добуш берүүнүн уюштурулушун талап кылып, парламенттик кабарчылардын ишине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы болуп жатышат. Бийликчил «Укук жана адилеттүүлүк» партиясы журналисттердин Сейм жыйынына катышуусуна тыюу салууга ниеттенүүдө. Нааразы болуп жаткандар акцияларды 20-декабрга чейин улантууну көздөшүүдө.

Сеймдин жумадагы жыйынында оппозициялык партиялардын өкүлдөрү трибунаны тосуп алышкан. Ага карабастан парламент башка имаратка барып бир нече мыйзам кабыл алган. Оппозиция андагы добуш берүүнү легитимсиз деп эсептөөдө. Учурда Сеймде дагы деле оппозициялык депутаттар калууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: