Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезип жатат. Ал КР президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.
“Бүгүн Алмазбек Атамбаев менен жолуктум. Аны менен талкуулай турчу бардык маселелер боюнча сүйлөштүм. Жалпысынан алганда, анын абалы жакшы көрүнөт. Аны дарылап жаткан дарыгер менен баарлаштым. Чындыгында эле Алмазбек Атамбаевде эки тараптуу пневмония бар. Учурда ал дарылануу курсунан өтүп жатат” – деп билдирди адвокат.
Белгилей кетсек, 29-июнда УКМКнын тергөө абагында жаткан Алмазбек Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айткан. Андан коронавируска ПЧР-тест алынып, анын жыйынтыгы терс чыккан. Ага “эки тараптуу пневмония” диагнозу коюлган. Дарыгерлер Алмазбек Атамбаевди дарылоо үчүн абактан ооруканага которуу чечимин кабыл алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ