Menu

Сооронбай Жээнбеков: “2005-жылдын 24-марты Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калат”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн “Жоогазын революциясына” — 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революцияга 15 жыл болду.

Байыркы кыргыз элинин зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен эч убакта келишпеген, эркиндикти туу туткан каарман калк экени дүйнөгө билинди.

24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калат.

Урматтуу мекендештер!

Кайсыл жерде тынчтык, биримдик, мыйзамдуулук болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Коомдук-саясий туруктуулук орноп, өнүгүү болот.

Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун!

Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге ырыс-береке берсин!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: