Menu

Тажикстанда көз карандысыз “Нигох” гезити жабылды

Бөлүшүү:

Тажикстандагы эки журналисттик уюм “Нигох” басылмасынын ишмердүүлүгүн улантуу үчүн шарт түзүп берүүнү бийликтен суранышты. Көз карандысыз ММКлардын улуттук ассоциациясы менен Тажикстандын ММК боюнча кеңеши бул гезиттин жабылуусуна тынчсыздануусун билдиришти. Алар мындай көрүнүштү тажик коомундагы  плюрализм мейкиндигинин тарышы катары баалашты.

Эки медиа уюмдун билдирүүсү бардык ММКларга жөнөтүлдү. Мыйзам боюнча тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр реакция жасашы керек.

Медиа адистер гезиттин жабылуусу өлкөнүн саясий кадыр-баркына терс таасир тийгизет деген пикирде. Мындан улам алар көз карандысыз ММКлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга жол бербөөгө үндөшүүдө.

“Нигох” гезити тиешелүү шарттардын жоктугуна байланыштуу 2-ноябрда жабылган. Басылманын негиздөөчүсү Сайидмухиддин Дустмухаммидиён Фейсбуктагы баракчасына гезит 2014-жылы дагы 2,5 айга ишин токтотконун билдирди. “Бирок бул сапар маселе олуттуураак”-деп жазды ал.

“Нигох” гезити өлкөдө альтернативдүү маалымат булагы болууга умтулуп келген. Бирок басылманын редакциялык саясаты айрым аткаминерлерди канааттандырган эмес. Гезиттин журналисттери коркутуп-үркүтүүгө, куугунтуктоолорго кабылып турган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: