Menu

АШАнын ишенимдүү адамдары “Атамбаев бизди сатып коёт” деп анын өзүн сата баштады…

Бөлүшүү:

Баардыгын күтүүгө боло турган адамдардын категориясы бар. Ага Атамбаев да кирет жана ал өзүн сактап калуу үчүн кимди болбосун “сатып” кетет. Илмиянов жана Сегизбаев сыяктуу “шохаларды” гана эмес керек, болсо баарын сатат.

Өзүнүн саясий каршылашы Текебаевди түрмөгө тыгып жатканда “ууру түрмөдө отурушу керек” деп айткан. Атамбаев өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн бекем турарын, керт башынын кызыкчылыгы үчүн эң жакын адамын сатып жиберүүдөн да кайра тартпай турганын далилдеген. Акыркы кездери болсо Атамбаевди жандап жүргөндөр АШАдан шектенип, аны жек көрүп бараткандай. Мурдагы президенттен коркунучту алгач Илмиянов сезди.

Тил алчаак, элпек шоопур Атамбаевдин көңүлүнө толчу. Шоопур курмандыкка чалууга аябай ыңгайлуу болчу.

Өзүн “садага чаап” салуудан карманган Илмиянов өлкөдөн сырткары чыгып кеткен жана кайрылып келүүгө шашпайт, себеби аны мурунку “шефи” оңой эле кармап берип, бардык күнөөлөрдү ага шылтай турганын билет. Эгер шоопур Кыргызстанга келе турган болсо эң алды менен моралдык жактан тепселенип, андан соң темир тордун артында камалат. Абдил Сегизбаев жана Алмаз Үсеновторду да ушундай тагдыр күтүп турат. Бул экөөсү Атамбаевдин сөзүнө кулак салбай кетүүдөн башка амал таба элек. Атамбаевдин ар бир айткан сөзүнө “түкүрүп” гана кутулушууда. Балким бул адамдар эч нерсеге карабастан мурдагы жетекчисинин айтканын аткарып жүрө беришмек. Бирок бул экөөнө акыл кирди же көздөрү ачылдыбы, эмнегедир Атамбаевдин чыныгы жүзүн көрө калышты. АШАнын жүзү өтө жагымсыз экенин сезишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: