2020-жылдын 2-мартындагы Ала Тоо аянтындагы митингге жарандар чогулуп, ар кыл багыттагы талаптар менен менен сунуштарын билдиришүүдө. Митинге катышкан жарандардын саны 800 кишинин тегерегинде. Андан сырткары Бишкек шаарындагы бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир катар өкүлдөрү жана ары бери өткөн шаардын тургундары дагы жүрүшөт.
Митингдин башталышында аны өткөрүүнүн тартиби жана жол жобосу сакталып ирээти менен келе жаткан. Бирок бир эки сааттан кийин модераторлор митингди башкара албай калышты. Уюштуруучулардын тарайлы деген сунуштарын эч ким укпай калышты.
ИИМ митингдин катышуучуларына кайрылат жана митингди өткөрүүнүн убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырабыз.
ИИМ митингге катышкан жарандардын бардыгына бирдей мамиле кылат жана ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарга, чагымчыл аракеттерди жасооого аракеттенгендерге, коомдук тартипти бузгандарга жана тынч митингдин талаптарын бузгандарга карата карата мыйзам чегинде чараларды көрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ