Menu

Текебаев УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди жоопко тартууну талап кылууда

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Бул тууралуу депутат Бишкекте өткөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин эл өкүлү Белгизден келген материалдардын көчүрмөсүн берүү боюнча УКМКга расмий түрдө билдирүү жолдогон. Бирок мекеме ыкчам-иликтөө иш-аракеттери жөнүндө мыйзамга таянуу менен өтүнүчтү четке каккан. Дал ушул мыйзамга ылайык, Сегизбаевдин жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга укугу жок болчу. Текебаев документтин мазмуну Жогорку Кеңештин жыйыны жана ММК аркылуу коомчулукка белгилүү болгонун, буга байланыштуу сыр деген макамын жоготконун белгиледи.

Текебаев УКМК башчысы Сегизбаев документтердин көчүрмөсүн депутаттарга берүгө убада кылганын эске салды. «Биз мекемеге кайрылып бирок терс жооп алдык. Мына ушундан кийин Башкы прокуратурага кайрылып, УКМК башчысы Абдил Сегизбаевге юридикалык баа берүүнү сурадык», – деди «Ата Мекендин» лидери. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Белгизден келген документтер такталбаса, Сегизбаев жооп берерин айткан. Текебаев болсо убакыт өттү бирок эч нерсе тастыкталган жок деп эсептейт.

Өткөн айда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча үч “атамекенчи” депутат мындан төрт жыл мурун “Альфа телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: