Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Россия — создаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарынын мүчөлөрү болуп саналат.

Россия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча өздөрүнүн жардамын сунушташкан.

Жакында Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте РФ Президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту.

Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: