Ош шаарындагы Амир Тимур кичи шаарчасында кайрымдуу инсандардын көмөгү менен 34 жетим бала сүннөткө отургузулду. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Иш чарага Ош шаарынын казысы Убайдула ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, мечит имамдары жана жергиликтүү тургундар катышып, жардам колун сунгандарга ыраазычылык билдирди.
Ал эми облус жана шаар казысы мындай кайрымдуулук иштерин өткөрүү коомчулук үчүн абдан маанилүү экендигин айтышып, бул иш дагы да улантылуусу керек экендигин билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ