«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 12-октябрда калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.
«Батыш-2» суу алгычын оӊдоп-түзөө иштерине байланыштуу Фучик, Фрунзе, Манас көчөлөрүндө жана темир жол сызыгы чектешкен жерлерде таза суу берилбейт. Анын ичинде:
– №31, 13, 8, 2 орто мектептеринде, №9 окуу-тарбиялык комплексинде;
– №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167, №73 бала бакчаларында, К.Акиев көчөсү, 51 дарегиндеги №3 бала бакчасында;
– “Балдарды коргоо борборунда”;
– «Арпа» ААК;
– «Ош базары» ЖЧК;
– «Берекет-Гранд»;
– «Берекет-Универсал», «Берекет» соода комплекстеринде, «Берекет» ЖАК;
– Илимдер академиясы;
– Улуттук банк;
– №2 клиникалык төрөт үйү;
– Бишкек троллейбус башкармалыгы;
– №1 шаардык клиникалык ооруканасы;
– Некрасов көчөсү боюнча Бишкекборкомбинаты;
– Ленин райондук администрациясы;
– Бишкек финансы-экономикалык академиясы;
– «Кыял» бирикмеси;
– Кыргызстан Эл аралык университети;
– Батыш РЭС;
– Жаш гвардия бульвары, 59 боюнча Республикалык радиотелеборбор;
– КОСУ Медициналык факультети;
– Ленин райондук соту;
– №100 лицейи;
– Бөкөнбаев көчөсү №182 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясы жана кыргыз энциклопедиясынын имараты;
– “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы;
– №2 стоматологиясы;
– Манас проспектиси 16 дарегиндеги мейманканада суу берилбейт.
«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ